Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

ЕККУ Беларустагы шайлоону сынга алды


ЕККУнун байкоочу миссиясынын төрагасы Кент Хастед.
ЕККУнун байкоочу миссиясынын төрагасы Кент Хастед.

Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун байкоочу миссиясы Беларуста 11-октябрда өткөн президенттик шайлоону сынга алды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 83 пайыз добуш менен өлкөнүн азыркы президенти Александр Лукашкенко шайлоодо жеңип чыкты.

ЕККУнун байкоочу миссиясынын төрагасы Кент Хастеддин айтымында, Беларустагы президенттик шайлоонун жүрүшү демократиянын талаптарына туура келген жок.

“Демократиялык милдеттенмелерин аткаруу үчүн Беларус дагы узак жолду басып өтүш керек”, - деген Хастед добуштарды саноодо бир катар кемчиликтер болгонун белгиледи.

61 жаштагы Лукашенко бешинчи жолу президент болуп шайланды. Ал өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG