Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

“Газпром”: Украинага газ бериле баштады


Орусиянын “Газпром” компаниясы Украинага кайрадан газ бериле баштаганын билдирди. Компания тараткан маалыматка ылайык, Киев көгүлтүр от үчүн алдын ала 234 миллион доллар төлөгөн. Үстүбүздөгү жылдын башында Москва менен Киев ортосунда газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаган соң “Газпром” Украинага көгүлтүр от берүүнү токтоткон.

Өткөн айда Орусия менен Украинанын энергетика министрлери Еврокомиссиянын энергобиримдик боюнча вице-президентинин катышуусунда 1-октябрдан 2016-жылдын март айынын аягына чейин газ жеткирүү боюнча эл аралык келишимге жетишкен.

Орусия менен Украинанын ортосундагы газ боюнча келишпестиктерден улам “Газпром” бир нече жолу көгүлтүр от берүүнү токтоткон.

Орусиянын өткөн жылдын мартында Крымды аннексиялап алышы жана өлкө чыгышындагы козголоңчуларды колдошу эки тарап ортосундагы мамиленин кескин начарлашына алып келди.

XS
SM
MD
LG