Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Бангладеш футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Коомдук коопсуздукту 4,5 миңдей тиртип коргоо кызматкерлери көзөмөлдөйт. Оюнга билеттин баасы 150дөн 700 сомго чейин.
Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Бангладеш футболчулары үч жолу беттешип, үч жолу тең кыргызстандыктар уткан.
8-октябрда Кыргызстан -Тажикстан футбол беттеши 2:2 эсепте тең чыгуу менен аяктаган. (КЕ)