Бүгүн Ош шаарында Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан жаштары маданий форумга чогулушат. Бул тууралуу Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Түгөлбай Абдумаликов билдирди.
Форумдун алкагында ар өлкө жаштары өз ара маданий байланыштарды жакшыртуу менен тынчтыкка жетүү жолдорун талкуулашат.
Иш-чара соңунда конокторго “Курманжан Датка” тасмасы көрсөтүлөт. (YI)