Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Эмгекке жарамдуулардын 62% айыл чарбасында алектенүүдө

Бүгүнкү күндө Кыргызстан калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 62% айыл чарба тармагында эмгектенет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, айыл чарбасы кыргыз экономикасындагы ички дүң өнүмдүн 14% камсыз кылат.

Өкмөт быйыл Кыргызстандын аймагында жашылча-жемиш сактоочу 7 аймактык логистикалык борбор курууну пландап жатат. Кечээ алгачкысы Сокулукта ачылды.

Адистердин айтымында, учурда тиешелүү шарттын жоктугунан улам дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40% сактоодо, ташып жеткирүүдө жана сатууда жоготууда. (RK)

​
XS
SM
MD
LG