14-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 8...13,
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 12...17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 9…11 градус болот.