Адам укуктарын коргоочу уюм АКШ колдогон Сириядагы күрттөрдөн куралган куралдуу кошуундары башка улуттагы жарандарды кубалап, алардын үйлөрүн бузуу менен согуш кылмыштарын жасаганы үчүн айыптоодо.
Эл аралык мунапыс күрттөр көзөмөлдөгөн аймактарда алардын Элдик коргонуу кошуундары ондон ашуун кыштактын тургундарын көчүүгө мажбурлап же алардын үйлөрүн бузуп салган учурларды документтештирген.
Күрт кошуундары Сириянын түндүгүндөгү аймактарды быйыл “Ислам мамлекети” тобунан бошоткон болчу.
Эл аралык мунапыстын өкүлү Лама Факихтин айтуусунда, Күрт автоному администрациясынын бийликтери “эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузууда” жана алардын кол салуулары “согуш кылмышына барабар".
Күрттөрдүн элдик коргонуу кошундарынын өкүлү мындай кинелерди “жалган айыптоо” деп четке какты.
Күрт кошуундары АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы абадан жүргүзгөн күрөшүнө кургактан колдоо көрсөткөн эң натыйжалуу өнөктөш болууга жетишти.
Күрттөр буга чейин Түркиянын көзөмөлүндөгү аймактардан арабдар менен түркмөндөрдү атайлап сүрүп чыгарып жатат, деген айыптоосун четке каккан. (UE)