Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Нарындагы өрт өчүрүүчүлөр жаңы имараттуу болду


Бүгүн,13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Нарын облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Аталган башкармалыктын мурдагы имараты 1958-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2013-жылы жаңысы салына баштаган.

Курулуштун жалпы баасы 27 млн. сомду түзгөн. Бирок курулуш өздүк курамдын күчү менен, башкача айтканда, "ашар" жолу менен жүргүзүлгөндүктөн мамлекеттик бюджеттин 13 млн. сомдон ашуун каражаты үнөмдөлгөн.

Жаңы салынган имараттын жалпы аянты 950 чарчы метр жана өрт өчүрүүчү төрт унаа токтотууга ылайыкталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG