Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШ Беларус президент шайлоосун “эркин жана адилет эмес” деп баалады


Лукашенко шайлоо күнү. 11-октябрь, 2015-жыл.
Лукашенко шайлоо күнү. 11-октябрь, 2015-жыл.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонердин билдиргенине караганда, Беларус “эркин жана адилет” шайлоо өткөрүү боюнча милдеттемесин аткара алган жок.

Анткени, эл аралык байкоочулар Беларустун 11-октябрдагы президенттик шайлоосунда “олуттуу проблемалар” болгонун белгилешти.

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар добуштардын санагына мониторинг жүргүзө алган жок, шайлоо комиссияларында оппозициячыл партия өкүлдөрү жана көз карандысыз мүчөлөр такыр эле болбоду.

Буларга кошумча Беларуста “эркин жана адилет” шайлоо камсыздалуусунун шарты деп эсептелген “эркин жана жандуу медиа, жарандык коом, оппозициялык партиялар иш жүргүзгүдөй мейкиндик” жок.

Ушул жекшембидеги добуш берүүнүн натыйжасында 61 жаштагы Александр Лукашенко бешинчи мөөнөткө шайланды.

Лукашенко добуштардын 83,5%ын алганы жарыяланган. Анын негизги атаандашы Татьяна Короткевич расмий эсепте болгону 4,42% добуш топтоду. (UE)

XS
SM
MD
LG