Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Тынай Ибрагимовдун "Он үчүнчү" тасмасы Түркияда баш байге алды


Кыргызстандык режиссер Тынай Ибрагимовдун "Он үчүнчү" документалдык тасмасы Түркияда өткөн "Алтын шафран" эл аралык кинофестивалдын баш байгесин утуп алды. Бул тууралуу бүгүн Кинематографты өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Фестивалга 27 өлкө катышты.

Кыргызстандын атынан көрсөтүлгөн тасмада Ардак аттуу 15 жаштагы бала тууралуу баяндалат. Буга чейин ал фильм Екатеринбург, Самара, Геделле (Венгрия) шаарларында өткөн фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG