Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

ЖК иш башкармалыгы: Жаңы кресло сатып алуу тууралуу буйрук берилген эмес


Депутаттар үчүн жаңы кресло сатып алуу тууралуу буйрук берилген эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкулов билдирди.

Ал учурда эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтып:

- Маалымат каражаттары мени креслолорду жаңыртып, эскисин балдар үйлөрүнө өткөрүп берүү тууралуу буйрук берди деп жазып жатышат. Бирок журналисттер мунун чын-төгүнүн териштирген жок. Мен азыр эмек өргүүсүндөмүн, андай буйрук бере алмак эмесмин, - деди.

Ал эми орун басары ошондой буйрук бериши мүмкүн беле деген суроого жооп берип жатып Кожомкулов анын ишине комментарий бере албасын айтты.

8-октябрда мамлекеттик сатып алуулар сайтына Жогорку Кеңеш 2,6 миллион сомго 120 кресло сатып алары тууралуу жарыя чыккан. Бул жарандык коомдун кескин айыптоосуна кабылган. Бирок учурда аталган сайтта Жогорку Кеңешке байланыштуу андай жарыя жок болууда. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG