Кечки саат 8де Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши башталды.
Коомдук Биринчи канал оюнду түз алып көрсөтөт.
Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Аталган командалар тандоо оюндарынын алкагында буга чейин оюн талаасында таймашышкан. 2-раунддун биринчи турунда кыргыз футболчулары Бангладеште конокто ойноп 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Бангладеш футболчулары үч жолу беттешип, үч жолу тең кыргызстандыктар уткан.