Өкмөт башчы Темир Сариев оюндан кийин кыргыз футболчулары менен жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктады.
Темир Сариев бүгүнкү футбол беттешиндеги жеңиш үчүн Кыргызстандын курама командасына 200 миң сом берүүнү убада кылды. "Татыктуу, жакшы оюн көрсөттүңөр. Өкмөт кыргыз футболун өнүктүрө бермекчи", - деди Сариев.
Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. (ECh)