Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Голландиянын иликтөөсүн АКШ, Малайзия колдоду, Орусия сынга алды


Орус армиясынын карамагындагы "Бук -М2" ракеталык системасы.
Орус армиясынын карамагындагы "Бук -М2" ракеталык системасы.

Голланд премьер-министри Марк Рюттенин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардын иликтөөсү былтыр Украинанын чыгышында жүргүнчү учак кыйраган трагедия боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө жүргүзүүгө маанилүү таяныч болуп бере алат.

Кошмо Штаттар Голландиянын баяндамасын “күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу аракетиндеги маанилүү бурулуш” деп атады.

Малайзиянын өкмөтү болсо жарандык учакты атып түшүргөн "кылмышкерлер” жоопкерчиликке тартылуусуна жетишүүнү убада кылды.

Ал эми Орусия бүгүн жарыяланган иликтөөнү сынга алды. Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаковдун айтымында, “бул жерде саясий буйрукту аткаруу аракети ачык көрүнүп турат”.

Голландиянын Коопсуздук кеңеши он беш айга созулган иликтөөдөн соң бүгүн Малайзиянын жүргүнчү учагы Украинанын чыгышынан “Бук” ракетасы менен атылган деген тыянагын жарыялаган. Иликтөөчүлөр “Бук” ракетасынын кайсыл түрү жана кайсыл жерден атылганы боюнча бүтүм чыгарышкан эмес. Бирок ракета басымдуу бөлүгүн орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн 320 км аймактын ичинен атылганы аныкталган.

Голландиянын Коопсуздук кеңеши баяндамасын жарыялаган учур. 13-октябрь, 2015-жыл.
Голландиянын Коопсуздук кеңеши баяндамасын жарыялаган учур. 13-октябрь, 2015-жыл.

Малайзиянын “Боинг 777” жүргүнчү учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын чыгышында, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын үстүндө кыйраган.

Амстердам шаарынан Куала Лумпурга бара жаткан учак кулаганда анын бортундагы 298 адамдын баары набыт болгон.

Голландиянын Коопсуздук кеңеши МH17 каттамынын жүргүнчүлөрү учакка ракета тийгенде дароо өлгөн же ээсин жоготкон деген бүтүмгө да келишти.

Кырсык Украинанын чыгышында айгышкан атышуулар жүрүп жаткан кезде орун алган.

Голланд иликтөөчүлөрү Украинанын өкмөтү ошол кезде аба мейкиндигин жабуусу керек болгонун, ал күнү Чыгыш Украина аркылуу учактары өткөн 61 авиакомпаниянын бири да тобокелчиликти аңдап билбегенин белгилешти.

Кырсыктан соң Киев жана Батыш өлкөлөрү учакты ракета менен атканы үчүн орусиячыл жикчилдерди айыптаган. Бирок жикчилдер менен Кремль күнөөнү кайра Киевдин өзүнө оодарган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG