Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Кыргызстан-Бангладеш беттеши 2:0 эсебинде аяктады


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бангладештин командасын 2:0 эсебинде утуп алды.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда голдорду 28-мүнөттө Виталий Люкс жана 87-мүнөттө Ильдар Амиров киргизди.

Бул оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-айлампасынын алкагында өттү. Бул тандоо оюндарынын биринчи турунда аталган эки команда 11-июнда беттешип, 3:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жеткен.

Тандоо оюндарынын алкагында беш оюндан кийин Кыргызстан 8 упай менен В тайпасында 3-орунда келүүдө. Алдыда кыргыз футболчуларынын өз жеринде бир, конокто эки оюну бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG