Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Бишкектин айрым көчөлөрү эртеңден баштап бир тараптуу болот


Бишкектин айрым көчөлөрүн 15-октябрдан тарта бир тараптуу кыймылга өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Абдырахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болот. Коомдук транспорт үчүн эки тараптуу багыт сакталат.

Мындан сырткары Бөкөнбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир тараптуу болот.

Москва жана Токтогул көчөлөрү мурдагыдай эле коомдук унаадан башка кыймыл үчүн бир тараптуу боюнча кала берет.

Мэрия буга чейин жол тыгынды азайтуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG