Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, Кара-Суу районунун Сарай айыл округунда мамлекеттик кызматта иштеген Х.Д. аттуу жаранга, кыштактагы “0,56 га жер жеке менчик участогу катары берилген” деген документ жасалган. Ал тактаманын негизинде Кара-Суу райондук соту аны жердин ээси деп чечим чыгарган.
Мындан сырткары райондук мамкаттоо башкармалыгы аталган жер тилкесине турак жай курууга уруксат берген. Иликтөөдө белгилүү болгондой, “Кыргызгипрозем” мамлекеттик долбоорлоо институтунун каттоосунда ал участок айыл чарба багытындагы жер катары катталган. Ошол себептүү жерди башкага өткөрүү чаралары көрүлбөй, багыты мыйзамсыз өзгөртүлгөнү аныкталган.
Факт боюнча УКМКнын Ош шаардык жана Ош областтык бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. (ErN)