Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, 11-октябрь күнү белгисиз адамдар Алайдын Гүлчө айылында жайгашкан гезиттин кеңсесинин эшигин бузушкан. Андан ары алар ошол эле имаратта жайгашкан жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын бөлмөсүнө киришкен. Натыйжада ал жерден кылмыш жоопкерчилигине тартылган бир нече адамдын документтерин жана издөөгө алынган жарандардын жеке иштерин алып чыгышкан. Документтердин баарын “Алай таңы” гезитинин бөлмөсүнө алып кирип өрттөп жиберишкен.
Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү адамдардын өздүгүн аныктоо иштери да колго алынды.
Маалым болгондой, 11-октябрь күнү Алай районунун Гүлчѳ айылынын Токтогул кѳчөсүндө жайгашкан “Алай таңы” гезитинин редакциясы өрттөнүп кеткен. Өрт өчүргүчтөрдүн маалыматына караганда, архив бѳлмѳсүнүн 4 чарчы метр полу, 5-6 таңгак эски гезит күйгѳн. Кырсыктын чыгымы такталууда. (ErN)