Кыргызстандын акыйкатчысы адам укугун коргоо боюнча эки айлык өнөктүк баштады. Иш-чара 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
Бул аралыкта акыйкатчынын өкүлдөрү студенттер, мектеп окуучулары менен жолугуп, жабык жайларды кыдырат.
Жыйынтык 10-декабрда чыгарылып, мектептер менен жогорку окуу жайларда жүргүзүлгөн дилбаян жана сүрөт сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылат. Ошондой эле адам укугун коргоо жаатында мыкты журналисттик иликтөө үчүн да сыйлык берилет. (RK)