Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

ИИМ: Ботаникалык бак жакта шектүү адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн


Жергиликтүү тургундар коопту адамдар жөнүндө маалымдашкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, учурда ошол ыкчам маалыматты текшерүү жүрүп жатат.

ИИМ түрмөдөн качкан кылмышкерлер боюнча кандай гана маалымат болбосун, милицияга кабар берүүнү өтүнүүдө.

Ушу тапта Бишкектин Көк-Жар айылы менен чектеш жеринде жайгашкан Ботаникалык бакта террорчуларды издөө операциясы жүрүп жатат. Милициянын атайын отрядынын кызматкерлери анын ичин тинтип жатышат. Бирок бул террорчулар ошол жакта жашынып отурат деп так айтууга негиз эмес дешти ички иштер органынын өкүлдөрү.

12-октябрга караган түнү №50 түрмөдөн террорчулук жана диний экстремизм үчүн соттолгон 9 адам 3 кызматкерди өлтүрүп качып кеткен. Анын бешөө кармалып, төртөө азырынча табыла элек.

Издөөдөгүлөрдүн бири Эдил Абдрахманов Көк-Жар айылында туулуп өскөн. (JM/RK)

XS
SM
MD
LG