Украинадагы абалдын турукташына Кыргызстан өз салымын кошо алат. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Николай Дорошенко билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү, каадалуу жыйындарда Минск келишиминин аткарылышын көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрө алат:
- Донбасстагы чет элдик согушкерлерди чыгаруу, курал-жаракты ташууну токтотуу, барымтага алынган адамдарды бошотуу өңдүү талаптарды Кыргызстан демилгелесе болот. Сиздердин өлкө ЕАЭБ, КМШ жана дагы бир катар уюмдардын мүчөсү жана өз аянтчасында Минск келишиминин аткарылышын көзөмөлгө алса биз кубаттайбыз.
Элчи Николай Дорошенко бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге ишеним грамотасын тапшырды. Өз кезегинде Атамбаев Украинадагыдай кырдаал бир нече жыл мурун Кыргызстанда дагы болгонун айтып, убакыт менен өлкөдө тынчтык орногонун мисал келтирип, Украинада тезирээк туруктуулук орношуна кыргыз эли тилек кыларын билдирди. (SDz)