Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Орусияга кайра кирүү укугунан 28 миңден ашуун кыргызстандык пайдаланды


Орусиянын миграция мыйзамдарын бузуп, бирок бул өлкөдөн чыгып кайра кирүү боюнча берилген укугунан бүгүнкү күнгө карата 28 миң 360 кыргызстандык пайдаланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвадагы элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Мындай укук 1-октябрдан тарта 41 миң 639 жаранга берилген болчу. Бул Орусияга кирүүгө 3 жылга тыюу салынгандардын 1,5 жылы аяктагандар.

Бейрасмий маалымат боюнча Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык мигрант болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG