Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Москва Савченконун сиңдисин сотко катыштырбай койду


Украиналык учкуч Наджеда Савченко
Украиналык учкуч Наджеда Савченко

Орус бийликтери 13-октябрда украиналык учкуч Надежда Савченконун бир тууганы Вера Савченконун сотко катышуусуна каршы чыгышты. Бул тууралуу Вера өзүнүн Фейсбук социалдык сайтындагы баракчасына жазды.

Вераны Орусиянын чек арасынан өткөрбөй коюшкан. Муну чек арачылар ФСБнын чечими менен түшүндүрүшкөн. Ага ылайык Вера Савченкого 2020-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Вера Савченко бүгүн сотто жактоочулардын башкы күбөсү катары эжеси Надежданын пайдасына сөз сүйлөмөк.

34 жаштагы Надежда Савченко өткөн жылы Украинанын чыгышында орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар деп айыпталууда. Анын күнөөсү далилденсе 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Украиналык учкуч өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында жатат. Ишти Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту кароодо.

Надежданын адвокаты Марк Фейгин ФСБнын чечими боюнча сотко кайрыларын билдирди.

Украин бийлиги менен кошо Батыш өкмөттөрү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Орусиядан Надежда Савченкону бошотууну талап кылып келатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG