Ботаникалык бактын ичинен террорчулар табылган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Ошондой эле аталган мекеме атышуу болгону тууралуу кабарды төгүндөдү. Бүгүн түшкө маал Бишкек менен Көк-Жар айылы чектешкен жерде орун алган Ботаникалык бакта күч кызматкерлери тинтип издөө иштерин жүргүзүштү. Буга 102 номуруна ошол жактан түрмөдөн качкан Эдил Абдрахмановго окшош, бир көзү майып адамды көрүшкөнү тууралуу маалыматтын түшүшү себеп болгон.
12-октябрга караган түнү Чүйдөгү №50 түрмөдөн терроризм жана диний экстремизм үчүн соттолгон 9 адам качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, төртөө дайынын таптырбай кеткен. Азыр качып жүргөндөрдүн бири, 29 жаштагы Эдил Абдрахманов Көк-Жар айылында туулуп өскөн.
2013-жылы Абдрахманов Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшул Махди" террорчул тобунун мүчөсү катары соттолуп, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Ага чейин, 2011-жылы Спорт ордосунун жанында жардыруу уюштурган, милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, Беш-Күңгөй айылында атайын операция учурунда жараат алып, оң көзүнөн айрылган. (RK)