Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Лавров: аскерий колдоо сурап Сирия гана кайрылды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Ирак жана Ооганстандагы кырдаалга көз салып жатканын айтып, конкреттүү жардам сурап бир гана Сирия кайрылганын кошумчалады. Министр мындай кайрылуулар боюнча чечимди Орусиянын президенти Владимир Путин кабыл аларын белгиледи.

Ошондой эле Лавров Кошмо Штаттар Москвада өтө турган Сириядагы чабуулдар боюнча сүйлөшүүлөргө жогорку денгээлдеги аскерий делегациясын жиберүүдөн баш тартканын билдирди.

Бул жолугушууну уюштуруу сунушун сентябрда АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуу маалында Путин киргизген. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы АКШда өтмөк, ага премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган делегация бармак. Лавровдун айтымында, Вашингтон орус делегациясын кабыл алуудан да баш тарткан.

Учурда Орусия Сириядагы аба соккуларын улантууда. 30-сентябрдан бери жасалып жаткан соккулар Москва айтып жаткандай бир эле экстремисттердин болжолдуу жайларына эмес, Башар Асадга каршы чыккан козголоңчуларга да багытталып жатканы кабарланууда.

Бул үчүн АКШ, Британия, Түркия жана башка бир катар өлкөлөр Орусияны кескин сынга алышты.

XS
SM
MD
LG