Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Бүгүн Жогорку Кеңештин V чакырылышы ишин токтотот


Бүгүн Жогорку Кеңештин V чакырылышы ишин расмий түрдө токтотуп, буга байланыштуу парламентте жабылуу аземи болот. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы кабарлады. Соңку жыйынтыктоочу отурумга премьер-министр Темир Сариев катышып, сөз сүйлөйт.

Мөөнөтү аяктаган Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Беш жыл ичинде парламент 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган. Беш жыл ичинде Жогорку Кеңеште 15ке жакын депутатка кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары соттолуп, кээ бири өлкөдөн чыгып кетишти. Айрымдары кол тийбестигине таянып, жоопко тартылган жок. Бул курамдагы депутаттардын көбү VI чакырылышка кайра депутат болуп келатат.

Эксперттер V чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш кылмыш иши козголгон депутаттардын саны жагынан, талаш-тартыштары, эл өкүлдөр арасындагы кайым айтышуулары менен элдин эсинде калганын белгилшүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG