Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бүгүн Нарымбаев менен Коркмазовдун соту боюнча КСДП лидери суралат


Бүгүн Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу ишти кароону улантат. Бүгүнкү соттук жараянга күбө катары КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Нургазы Айдаров чакырылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Ал эми Турсунбеков бүгүнкү сотко бара турганын бышыктап, бул иш боюнча өзү билген маалыматтарды айтарын кошумчалады.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл, агасы Бакыт менен иниси Нарынбек суралган. Назгүл Түлеева кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. (КE)

XS
SM
MD
LG