Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:14

Бүгүн Бишкек-Ош жолунда кичиавтобустарга жүргүнчү ташуу мөөнөтү аяктады


Суук түшүп калганына байланыштуу бүгүнтөн тартып Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга уруксат берилбейт. Жол кайгуул кызматы жайкы мезгилге чейин микроавтобус айдоочуларына эл ташууга тыюу салынарын эскертти.

Аталган кызматтын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун “Азаттыкка” белгилешинче, ага баш ийбегендерге административдик жаза колдонулат жана алар Сосновка өтмөгүнөн ары өткөрүлбөйт.

Ал эми жеңил унаада адам ташыган такси ээлерине кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу сунушталууда.

Бишкек-Ош жолу 600 чакырымдан көп. Жолдун негизги бөлүгүн тоо жана ашуулар түзөт. (КE)

XS
SM
MD
LG