Кээде түрдүү талаш-тартыш, негизделбеген шашылыш чечимдер орун алганына карабастан V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин бүгүн парламенттин кезектеги чакырылыштагы курамы ишин жыйынтыктап жатканына байланыштуу жолдогон кайрылуусунда айтылат. Президенттин атынан кайрылууну депутаттарга мамлекет башчынын аппарат жетекчиси Фарид Ниязов окуп берди.
Анда өз ишин жыйынтыктап жаткан Жогорку Кеңеш өлкө тарыхындагы өтө оор мезгилде түзүлгөнү, 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынан кийинки абдан татаал коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу системасынын кесепеттерин жоюу, мамлекетти сактап калуу милдети турганы баса белгиленген.
2010-жылдын күзүндө шайланып келген депутаттардын иш мөөнөтү бүгүн расмий аякташына байланыштуу акыркы жыйын өттү. (RK)