Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Ошто өспүрүмдөр жашоо марафонунда чуркашат


16-октябрда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 9 жаштан 14 жашка чейинки балдар “Жашоо үчүн марафон” деп аталган чуркоо акциясына катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу “Save the Children International” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мындай марафон 16-октябрда дүйнөнүн 50 өлкөсүндө 50 миңден ашык балдардын катышуусунда өтмөкчү. Быйылкы акция балдар үчүн арналган дүйнөдөгү эң чоң марафондордун бири болуп калат.

Эл аралык коомчулукта “Race for Survival” аталчу марафон жаштардын ден соолугун чыңдоо жана балдардын өлүмүн азайтуу максатын көздөйт. Акция ошондой эле балдарды сөзсүз эмдөөгө чакырык жасайт.

Марафон Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу өтөт. Биринчи жолу 2013-жылы Бишкек шаарында өтүп, анда Кыргызстан 67 өлкөдөн үчүнчү орунду алган. Экинчи жолу былтыр Ноокат районунда балдар марафондо чуркашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG