Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Сариев: V чакырылыштагы ЖК көчө митингдеринен цивилизациялуу саясий күрөшкө өтүүгө шарт түздү


Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы Кыргызстандагы парламенттик демократияга из сала алды. Мындай пикирин бүгүн акыркы сессиясын өткөргөн депутаттар алдында сүйлөп жатып премьер-министр Темир Сариев билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, бул парламент өлкөдө жаңы саясий маданиятты калыптандырды:

- Кандай гана курч маселе болбосун, талаш-тартыштар парламенттин ичинде жүрүп, Жогорку Кеңеш чыныгы демократиялык талкуулардын ордосуна айланды. Ошентип көчө митингдеринин күнү бүтүп, күрөш цивилизациялуу форматка өттү.

2010-жылы шайланып келген Жогорку Кеңештин иши бүгүн расмий жыйынтыкталды. Жаңы парламентке келе тургандар 4-октябрда шайланды. Анын расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG