Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Аравандын тургуну кайын атасынын өлүмүнө шектелүүдө


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын айтымында, окуя кечээ, 13-октябрда болгон. Чек-Абад айылында мас күйөөсү менен чырлашкан келин жардамга атасын чакырган. Натыйжада 66 жаштагы кайын ата күйөө баласы менен кармашып, башынан жараат алган. Ал дароо Чек-Абад айылдык ооруканасына жеткирилген, бирок өзүнө келе албай мерт болгон.

Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG