Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Ошто апасы таштап кеткен балдардын туугандары табыла элек


Бул тууралуу Кара-Суу райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Куттубек Абдуллаев “Азаттыкка” билдирди.

Балдардын энеси WatsApp аркылуу байланышка чыгып, өзү Орусияда экенин, жакын арада келип балдарын багарын кабарлаган. Ал наристелерин жумуш жоктугунан калтырып кеткенин да билдирген. Бирок ал кайрадан телефондорун өчүрүп кабарсыз болуп кеткен. Бир айдан бери балдардын туугандары да табылбай жатат.

Болжол менен 4 жашар Рамазан жана 3 жашар Каныкейди өзүн Алтынай деп атаган келин Ош шаарынын жакасындагы Нариман кыштагында жашаган Дано Расуловага багууга таштап кеткен. Июнь айында балдарын калтырган эне, эки-үч жолу кабар алып ошо бойдон жоголуп кеткен.

Энеси эки ай кабарсыз болгондуктан Расулова балдарды Кара-Суу райондук социалдык өнүүгү башкармалыгына тапшырган. Балдар 23-сентябрдан бери саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы “Эне жана бала үйүндө” тарбияланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG