Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Президент куралдуу күчтөрдү реформалоо керектигин айтууда


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда Куралдуу күчтөрдүн реформасынын жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн укук тартибин коргоо системасын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Президент бул маселелерди Коргоо кеңешинин кийинки жыйынында талкуулоо зарыл экенин белгиледи.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын белгилешинче, Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү мындан ары бекемдөө жана өлкөдө иштиктүү күч системасын түзүү боюнча иштердин маанисин баса белгиледи.

12-октябрда Кыргызстанда эң катуу кайтаруудагы №50 абактан террорчулук үчүн соттолгон 9 киши 3 кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, калган төртөө али күнчө дайынсыз болууда. Ошол себептен улам учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG