Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Анапияевдин өлүмүнүн күбөсү ИИМ кызматкерлери менен чогуу турган сүрөт жарыяланды


Жарыяланган сүрөттүн скриншоту
Жарыяланган сүрөттүн скриншоту

Facebook социалдык тармагына Алмамбет Анапияевдин өлүмүнүн күбөсү Гүлжигит Абилазизов Москвадагы «Домодедово» аэропортунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчилери Мирлан Каниметов жана Таалайбек Мамбетакуновго окшош адамдар менен турган сүрөтү жарыяланды.

Руслан Каралаев деген ат менен катталган колдонуучунун жазганына караганда, ал бул сүрөттөрдү өтө ишенимдүү булактардан алды. Скриншоттор «Домодедово» аэропортундагы видеокөзөмөл камераларынан алынган.

Абилазизовду милиция жетекчилери 22-февралда коштоп келгени мурда эле айтылган, бирок Ички иштер министрлиги муну төгүндөп келген. Мекеменин маалымат кызматы алар Москвадан бир учак менен келгени жөн гана кокусунан дал келгендик деп атаган.

ИИМдин расмий билдирүүсүнө караганда, 25-февралда Гүлжигит Абилазизов өзү келип, Анапияевдин өлүмү боюнча көрсөтмө берген. Ал бул кылмышты Жаныш Бакиев жансакчылары менен бирге уюштурганын айткан.

Алмамбет Анапияев 2011-жылы "адам уурдоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча сыртынан айыпталып, ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Быйыл 18-февралда анын сөөгү Минскте табылган. (ВК/RK)

XS
SM
MD
LG