Кытай адмиралы расмий Бээжин Иран менен аскерий байланышын тереңдетүүгө кызыкдар экенин 15-октябрда Тегеранда Коргоо министри менен жолукканда билдирди.
Кытайдын Улуттук боштондук армиясынын жетекчисинин орун басары, адмирал Сун Цянго Ирандын Коргоо министри Хоссейин Дехган менен жолугушуусунда кызматташтык маселелерин талкуулады.
“Биздин иш сапардын башкы максаты достукту чыңдап, кызматташтыкты өнүктүрүп, Иран менен аскерий байланышыбызды жакшырткыбыз келет”, - деди Сун.
Ирандын жогорку чиндеги генералы Мохаммед Бакери эки өлкө жеке эле экономикалык эмес, коргонууда да тыгыз иш алып барарын жарыялады.
2014-жылы алгач ирет Кытайдын эки аскерий кемеси Ирандын Бандар Аббас портуна барып, Перси булуңунда ирандык кемелер менен чогуу аскерий машыгуудан өткөн.
Эки өлкөнүн экономикалык, дипломатиялык, соода жана энергетика байланыштары жакшы деңгээлде. Ирандын мунайын сатып алган эң ири кардар Кытай болуп саналат.
Ошондой эле Кытай АКШ менен Иранды өзөктүк программа жаатында бир пикирге келүүгө активдүү чакырып келет. (BCh)