Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Турсунбеков: Түлеевдин жердеши катары Нарымбаев менен сүйлөшкөм


"Түлеевдин жердеши катары Нарымбаев менен сүйлөшкөм", - деди ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу соттук териштирүүдө күбө катары көрсөтмө берип жатып КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл, агасы Бакыт менен иниси Нарынбек суралган. Назгүл Түлеева кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG