Москва шаардык соту Украинанын коопсуздук жабдууларын чыгарган заводдун мурдагы жетекчисин тыңчылык кылды деген айып менен алты жылга эркинен ажыратты.
14-октябрда өткөн сотто Полтава шаарындагы “Знамя” электрондук тетиктерди чыгарган заводдун мурдагы жетекчиси 73 жаштагы Юрий Солошенкого жашыруун тыңчылык кылды деген күнөө коюлду.
Солошенко Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 2014-жылдын августунда S-300 абадан коргонуу ракетасын жашыруун сатып жатып кармалган. Советтер Союзу учурунда жасалган бул курал Орусия жана Украинадан чыкчу.
Солошенко соттун чечими менен макул болбой, ишти кайра карап чыгууну талап кыларын билдирди.
Орусия Укрианадагы согуштук операциялардан бери бул өлкөнүн атуулдарына карата тыңчылык боюнча кылмыш иштерин көп козгоодо.
Өткөн аптада эле украиналык атуул Орусияда тыңчылык кылды деп айыпталып 12 жылга кесилген. (BCh)