Германиянын канцлери Ангела Меркел Европадагы качкындар кризисинде Түркия чечүүчү рол ойноп, тарыхый милдети бар экенин айтып, бирок Европа Биримдиги Анкарага көмөк көрсөтүшү зарыл деп билдирди.
Европа Биримдигинин жыйыны алдында Бундестагда кайрылуу жасаган Меркел Жакынкы Чыгыш жана Африкадан качкандардын түйшүгүн ЕБга мүчө эмес болсо да Түркия менен чогуу тартыш керек деди.
- Көптөгөн качкындар Түркия аркылуу Европага агылууда. Бул агымды Түркия менен кызматташтыкты жакшыртмайынча биз иреттей албайбыз, - деген Меркел бул үчүн Анкарага чек араларды бекемдөө, уюшкан кылмышкерлердин жолун тосуу жана гуманитардык жардам жагынан колдоо талап кылынарын баса белгиледи.
Европа Биримдигинин лидерлери бүгүн, 15-октябрда Брюсселде жолугуп, качкындар көйгөйүн талкуулашат. 18-октябрда Меркел Анкарага барып, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглуга жолугарын Reuters агенттиги билдирди. (BCh)