Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

16-октябрдагы аба ырайы


16-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайтт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт, түнкүсүн туман түшүшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.

XS
SM
MD
LG