Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

ӨКМ: Аба ырайы кескин өзгөрөт

17-19 октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот. Синоптиктердин билдиргенине караганда, маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарында 6…11°, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарында 4…9° жылуулукка чейин, бийик тоолуу райондордо 0…5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика менен коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

​
XS
SM
MD
LG