Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Айдаров: Коркмазов Түлеевдин кызы берген акчаны Нарымбаевге алып кеткен


Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты Нургазы Айдаров бүгүн Нарымбаев менен Коркмазовдун сотунда күбө катары көрсөтмө берди. Айдаров май айында анын иш бөлмөсүндө болгон жолугушууда Хажимурат Коркмазов Назгүл Түлеевадан 50 миң доллар сураганын, 40 мүнөткө жетпей акча келип, Коркмазов Данияр Нарымбаевге алып жөнөгөнүн айтты.

Бирок айрым маалыматтар боюнча, Коркмазовду Түлеевдин кызы менен Айдаров тааныштырган.

Кийинки сот отуруму 19-октябрга белгиленди.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG