Бул тууралуу “Азаттыкка” Германиянын чет жерлерде аскерий операциялары боюнча башкармалыгынын басма сөз катчысы Доминик Юллерс билдирди.
“Мен муну ырастайм. Бул чечим кечээ кабыл алынды. Термездеги Германиянын стратегиялык аскерий аба базасын ушул жылдын 31-декабрына чейин жабабыз. Айрым кызматкерлер Ооганстандагы Мазари-Шарифтеги базабызга көчөт”, - деди.
Германиянын аскерий базасы Өзбекстандын Термез шаарында 2002-жылы жайгаштырылган. 2005-жылдан бери ижара акысы катары Өзбекстанга жылына 12 миллион 400 миң евро төлөп келип, 2011-жылы ижара 15 миллион 950 миң еврого чыккан.