Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Молдованын мурдагы өкмөт башчысынын кол тийбестиги алынды


15-октябрда Молдова парламент мүчөлөрү мурдагы өкмөт башчысы жана европачыл коалициянын лидери Влад Филаттын кол тийбестик статусун жокко чыгаруу боюнча добуш берди.

101 депутаттын 79у Молдова либерал-демократиялык партиясынын лидери Влад Фиаттын кол тийбестигин жокко чыгарууга макулдугун билдиришти. Бул добуш берүүдөн кийин Филатка карата жемкорлук боюнча кылмыш иши козголот.

Прокурор Корнелью Гуриндин айыптоосу боюнча, Филат ишкер адамдан 250 миллион доллар пара алып, ага Молдовадагы ири үч банкты башкартып, 2014-жылдын ноябрындагы шайлоонун алдында өлкө казынасынан жалпысынан бир жарым миллиард долларды кымырып алган деп шектелүүдө.

Добуш берүүнүн алдында парламентке чыгып сөз сүйлөгөн прокурор “Филаттын күнөөсүн далилдөөдө анын Savings банкындагы миллиондогон евросу далил болуп бере аларын” билдирди.

Бул ишке тийешеси бар деген Илан Шор аттуу ишкер дал ушул банкты 2014-жылдын апрелинен 28-ноябрына чейин башкарып турган.

Филат 2009-жылдан 2013-жылга чейин Молдованын өкмөт башчысы милдетин аткарган. Ал кол тийбестигин алып салууну саясий чечим катары кабылдарын жарыялап, өзүнө коюлган айыптарды негизсиз деди.

XS
SM
MD
LG