БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 20-октябрь күнү бал фестивалы өтөт. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Фестиваль Кара-Кулжа балынын брендин эл аралык коомчулукка таанытууну жана балчыларга аары менен иштөөнүн алдыңкы технологияларын үйрөтүүнү көздөйт. Жармаңкеде аталган райондон жана өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган 50дөн ашуун балчылар өз продукциясын сунуштайт.
Кара-Кулжадагы бир нече аарычылар буга чейин атайын тренингдерден өтүп, бал челектерин жана аарыларын жаңы ыкмалар менен багып келатышкан эле. Алар фестиваль күнү да башкалар менен өз тажрыйбаларын бөлүшөт.
Иш чара Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда. Ага “АгроЛид” коомдук уюму жана “Тоо балы” кооперативи көмөк көрсөтүүдө. (ErN)