Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

“Түндүкэлектр” эсептеринин камакка алынышы боюнча облсотко кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын айтуусунда, ишкананын эсептерин камакка алуу менен төлөмдөр өз дарегине жетпей калууда. Натыйжада жарым миллион жакын абоненттин электр энергиясы өчүрүлүп, жарыксыз калуу коркунучунда турат.

Буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту керектөөчүлөрдүн укугун коргогон “Кыргызтранс көзөмөл” бирикмесинин жетекчиси Виктор Горевдин арызы менен “Түндүкэлектр” ишканасынын бардык эсептери камакка алынган. Горев электр энергиясынын азыркы тарифине макул болбой, аны арзандатууну талап кылган.

“Тариф саясатын биз жүргүзбөйбүз. Баа бизге тиешелүү эмес. Ошого карабай жана “Түндүкэлектрден” өкүлдөрдү чакырбай туруп сот эсептерди камоо чечимин чыгарып койду. Биз бул тууралуу кокустан билип калдык. Биз биртоп чыгымдарга дуушар болуп жатабыз, кредитордук жана дебитордук карыз өсүүдө. Керектөөчүлөр төлөмдөрдү жасай албай жатат. Бул жагдай улана берсе жарым миллионго жакын абоненттин жарыгын өчүрүүгө туура келет”, - деди Мураталиева.

Учурда аталган ишкана райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызын Чүй облустук сотуна тапшырды. Ушундай эле мазмундагы кат Башкы прокуратурага берилди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG