Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Быйыл Ноокатта кургак учуктан 7 адам каза болду


Бул тууралуу райондук кургак учукту дарылоо кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Жыл башынан бери 154 адам жаңыдан кургак учукту жуктуруп кайрылган. Буга чейин алардын өзүндө кургак учук менен ооруп катталган 552 жашоочу бар болчу. Быйыл алардын жетөөсү каза болду.

Өткөн жылы кургак учук дартын жуктуруп, 5 адам көз жумду.

Бул илдетти жуктургандардын көпчүлүгү 18 жаштан 40 жашка чейинкилер. Адистердин айтуусунда, жаштар көбүнчө миграцияда жүрүп, Орусиядан жана Казакстандан жуктуруп келишүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG