Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:46

Нетаньяху Аббас менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди


Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өлкөдөгү зомбулукту токтотуу үчүн Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүгө даяр экенин маалымат жыйында билдирди.

“Биз азыр жолугуша алабыз. Мындан эч кандай терс маселе көрбөй турам. Биз тез арада ар кандай чагымдардын толкунун жана Израилге кол салууну токтотушубуз керек”, - деп белгиледи ал. Ошондой эле бул багытта сүйлөшүү ниетин Палестин лидери билдире электигин да кошумчалады.

Нетаньяху Израилдеги чыңалган абалды АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Иордания королу Абдулла II менен талкуулоо ниетин да жашырган жок.

14-октябрда израиль полициясы палестиндердин бир катар кол салууларынан соң Иерусалимдин Чыгышындагы айрым райондорду тосуу операциясын баштаган. Өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Октябрдын башында Израилдин Батыш жээгинде жети жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Ага каршылык көрсөткөн 30 палестиналык мерт болгону кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG