Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Балбан Чынарбек Изабеков спорт ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду


Кыргызстандык Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, дүйнө чемпиондугу 13-октябрда Грециянын Крит шаарында башталган.

14-октябрда Чынарбек Изабеков 40 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында С категориясында салмагы 85 килограммга жетпегендер менен күч сынашып, төрт беттеш өткөргөн.

Бул салмакта 15 балбан килемге чыккан. Алгачкы беттешинде грециялык Десколидис Парадосту, чейрек финалда венгриялык Сипеки Каролини артыкчылык менен уткан.

Финалга чыгуу үчүн беттеште орусиялык Георгий Петровго туш келип 2:1 эсебинде жеңип алган.

Чечүүчү беттеште ирандык Салехи Реза менен таймашып 4:2 эсебинде утуп дүйнө чемпиону аталган.

Чынарбек Изабеков эл аралык класстагы спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы Европанын эки жолку, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону.(ECh)

XS
SM
MD
LG