Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Түрмөдөн качкандардын бири кармалганы кабарланууда


Бул тууралуу “Дордой-1” жаңы конушунун тургуну “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты ИИМ басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов “Азаттыкка” тастыктады:

-Милиция түнү менен “Дордой” базарын айланта курчаган жаңы конуштарды, Энесай жаңы конушуна атайын рейд жасап, тинтүү жүргүздү. Азыр эле бирөөсү кармалганы тууралуу кабар түштү. Кененирээк маалымат кийинчерээк болот.

Бул аралыкта ИИМдеги өздүк булактардан түрмөдөн качкандарды кармоо учурунда бирөөсү өлтүрүлгөнү жөнүндө маалымат келип түштү.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 абакта кармалып жаткан тогуз кылмышкер качкан. Ошол күнү бешөө кармалып, төртөө качып кеткен эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG